Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
ӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскертти
30.04.2026 | 17:18

30-апрелден 2-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Ошондой эле 1-майдан 6-майга чейин жаан-чачынга жана температуранын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо, анын ичинде Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдордо муз тоңуп, тайгак болот. Мекеме унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо зарыл экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар