Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалды
06.03.2026 | 16:02

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат берүүнү суранып, уюштуруучулар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.
Кайрылууда акциянын максаты — аялдарга карата зомбулуктун жана фемициддин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине, ошондой эле аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу экени айтылат.
“Биз бул иш-чараны тынч, мыйзамдуу жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууга багытталган форматта өткөрүүнү көздөйбүз. Сизден 8-март күнү Горький атындагы паркта бул коомдук акцияны өткөрүүгө колдоо көрсөтүп, уруксат беришиңизди суранабыз”,- деп кайрылышты уюштуруучулар өлкө башчыга.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом