Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Мөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
06.03.2026 | 16:58

Мамлекеттик салык кызматы «Ак-Тилек» пунктунда мөөнөтү өткөн жана эсепке алынбаган кондитердик азыктарды ташыган жүк ташуучу унааны аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган продукциянын бир бөлүгү белгиленген тартипте эсепке алынбаганы, ал эми товарлардын бир бөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон. Продукциянын жалпы салмагы болжол менен 10 тоннаны түзгөн.
Бул факт материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Соттун чечимине ылайык, жараксыз азыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрттөө жолу менен жок кылынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар