Өзгөндө бала бакчанын директору тарбиячы менен мушташкандан кийин кызматынан четтетилди
Социалдык тармактарда Өзгөн районундагы бала бакчалардын биринде директор менен тарбиячынын ортосундагы балдардын көзүнчө мушташка айланган жаңжал тартылган видео тарады.
КР Билим берүү жана илим министрлиги Reporter.kg басылмасына билдиргендей, окуя 24-апрелде Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Кара-Таш айылында жайгашкан «Ак ниет шооласы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде болгон.
Жаңжал учурунда балдар аябай коркуп, ыйлашканы белгиленет. Эртеси күнү тарбиячы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуяга директордун тарбиячыга кылган одоно мамилеси себеп болгон: ал эскертүүлөрдү балдардын жана кесиптештеринин көзүнчө ачык айткан, бул мушташка айланган жаңжалга алып келген.
27-апрелде директор ээлеген кызматынан четтетилди. Учурда окуя болгон жерде түзүлгөн атайын комиссия болгон окуянын бардык жагдайларын текшерип жатат.