Кыргызстандын чекене соода рыногу 13%га өстү, бирок чачыранды бойдон калууда

29.04.2026 | 15:23

INFOLine маалымат агенттигинин эксперттери 2024–2025-жылдардагы Борбор Азиянын керектөө рынокторунун өнүгүү жыйынтыгын чыгарышты. Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн ичинде эң жогорку динамиканы көрсөттү: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чекене сооданын көлөмү 13%га өскөн. Бирок, аналитиктердин маалыматы боюнча, республиканын рыногунда импортко багытталган чакан жана орто ишканалардын үлүшү дагы деле жогору жана ал валюта курсу менен салыктык өзгөрүүлөргө сезимтал бойдон калууда.

INFOLine изилдөөсүнө ылайык, 2025-жылы Казакстандын чекене соода рыногу физикалык көлөмдө 7,5%га (бир жыл мурун 9,8%га), Өзбекстандыкы 11,2%га (бир жыл мурун 9,9%га) өскөн. Кыргызстан өсүү темпи боюнча лидер болуп калды, 2024-жылдагы 9,9%га каршы 13%ды түздү.

Аналитиктер 2025-жылды Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын керектөө рыноктору үчүн олуттуу трансформациялар мезгили катары мүнөздөшөт. Негизги кыймылдаткыч күчтөр катары электрондук сооданын тез өнүгүшү, керектөө түзүмүнүн өзгөрүшү жана жергиликтүү рыноктордогу атаандаштыктын күчөшү аталды. Бул процесстер, INFOLine компаниясынын баамында, бир эле учурда жаңы чакырыктарды жаратып, бизнес үчүн келечектүү багыттарды ачты.

Кыргызстандын базары: чакан бизнес жана курстун сезимталдыгы

Изилдөөдө Кыргызстандын базарында импорттук продукцияга багытталган чакан жана орто ишканалардын үлүшү жогору бойдон калып жатканы өзүнчө белгиленет. 2024-жылы бул сектордун динамикасына валюта курсунун туруксуздугу жана салык саясатындагы өзгөрүүлөр таасир эткен. Ошого карабастан, эксперттер белгилегендей, чек ара аралык сооданын өсүшү, санариптик төлөмдөрдүн өнүгүшү жана ассортименттин кеңейиши жергиликтүү сатуучуларга өсүштүн жаңы багыттарын табууга мүмкүндүк берди.

Коңшулар

  • Казакстан аймактагы эң ири керектөө рыногу бойдон калууда жана чекене соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн көрсөтүүдө. 2024-жылы сооданы санариптештирүү, маркетплейстердин жигердүү өнүгүшү жана BNPLдин (азыр сатып ал, кийин төлө) популярдуулугу өсүштүн негизги факторлору болду. Ошол эле учурда жогорку инфляция жана логистикалык чынжырлардагы өзгөрүүлөр бизнестин кирешелүүлүгүнө басым жасады.
  • Тажикстан 2024-жылы экономикалык өсүштүн фонунда керектөө активдүүлүгүнүн жогорулаганын көрсөттү. Негизги кыймылдаткыч күч катары акча которуулардын көбөйүшү, инфратүзүмгө мамлекеттик инвестициялар жана жергиликтүү өндүрүштүн өнүгүшү аталды. Бирок калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү ири сатуучулардын өнүгүүсү үчүн негизги чектөө бойдон калууда.
  • Өзбекстан соода жана e-commerce тармагына эл аралык инвесторлорду тартууну улантууда. 2024-жылы керектөөнүн өсүшү экономиканы либерализациялоо, логистиканы жигердүү өнүктүрүү жана чакан бизнести колдоо менен шартталды. Электрондук сооданын жана экспресс-жеткирүүнүн өнүгүшү жергиликтүү жана эл аралык оюнчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Өзгөчөлүктөрү

Аналитиктер Борбор Азия инвесторлор жана соода тармактары үчүн барган сайын жагымдуу рынокко айланып жатканын баса белгилешет. Бирок бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн ар бир рыноктун өзгөчөлүгүн терең түшүнүү, стратегияларды адаптациялоо жана өзгөрүп жаткан шарттарга ийкемдүү мамиле кылуу талап кылынат.

«Динамиканы, керектөөчүлөрдүн каалоолорун жана атаандаштык чөйрөсүн комплекстүү талдоо өсүш үчүн келечектүү багыттарды аныктоого жана аймактын рынокторуна чыгуунун натыйжалуу стратегиясын түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиленет изилдөөдө.

Scroll to Top