Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылат
10.03.2026 | 10:39

Бүгүн, 10-мартта, түштөн кийин Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.
Аба ырайынын начарлашына байланыштуу жана шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн көпүрөнүн бир тарабы гана убактылуу ачылып, кыймыл ошол жактан уюштурулат.
Мэриянын маалыматында, реконструкциядан кийин көпүрөнүн туурасы 9 метрден 13 метрге чейин кеңейтилди.
Көпүрөнүн экинчи тарабы марттын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда реконструкция иштерин толук аяктоо боюнча жумуштар уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом