Жеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилет
Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо тармагындагы жоопкерчилик нормаларын жаңылоо пландалууда. Тийиштүү мыйзам долбоору Цифралык кодекс кабыл алынгандан кийин иштелип чыгып, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.
Негизги жаңылык — жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү жана берүүдө мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти караган өзүнчө берененин киргизилиши. Тактап айтканда, жаңы 228¹¹-берене сунушталууда. Ал учурдагы нормаларды бириктирип, аларды заманбап санарип мыйзам талаптарына шайкеш келтирет.
Түшүндүрмө катта белгиленгендей, буга чейин бул маселелер «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзам менен жөнгө салынчу. Бирок 2025-жылы Цифралык кодекс кабыл алынгандан кийин жеке маалыматтарга байланышкан бардык нормалар ошол кодекске өткөрүлгөн. Натыйжада эски мыйзам күчүн жоготуп, ал эми Укук бузуулар жөнүндө кодекстеги айрым беренелер эскирген же кайталанган болуп калган.
Мыйзам долбоору бир катар мындай нормаларды — 413², 413³, 413⁴, 413⁵-беренелерди, ошондой эле байланышкан айрым жоболорду алып салууну сунуштайт. Алардын мазмуну жаңы беренеге киргизилген же башка беренелерде кайталанган. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул укуктук түшүнбөстүктөрдү жоюп, жоопкерчилик системасын жөнөкөйлөтөт.
Жалпысынан бул өзгөртүүлөр жаңы жазаларды киргизүүгө эмес, бар болгон нормаларды жаңылап, бирдиктүү системага келтирүүгө багытталган. Бул санарип кызматтардын өсүшү, электрондук документ жүгүртүү жана жеке маалыматтардын көлөмү көбөйгөн шартта өзгөчө маанилүү.
Ошондой эле өзгөртүүлөр укуктук аныктуулукту жогорулатууга жана мыйзам колдонуу практикасын жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда кайталанган нормалар жана күчүн жоготкон мыйзамдарга шилтемелер практикалык кыйынчылыктарды жаратууда.
Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.