БШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдүМэрия: Жибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн ачылышы аба ырайына байланыштуу жылдырылдыОкумуштуулар тирүү жандыктын мээсин виртуалдык чөйрөдө толугу менен эмуляциялаштыБишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалдыАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
Бишкекте мектепке куралдуу кол салууну пландоого шектелип окуучу кармалды
10.03.2026 | 11:32

Бишкек шаарындагы орто мектептердин бирине куралдуу кол салууну пландаган деген шек менен жашы жете элек окуучу кармалды.
УКМКнын маалыматында, окуучу мектептин мугалимдерине жана окуучуларына куралдуу кол салуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүгү («Терроризм актысын жасайм деп коркутуу») менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат жашы жете электер арасында диний радикалдашуу фактылары аныкталып жаткандыгына байланыштуу ата-энелерди жана мугалимдерди балдардын маалыматтык мейкиндиктеги кызыкчылыктарына көз салууга жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүгө чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар