Бишкектин тургундары үйлөрдүн жанында жүрүп жаткан кооптуу курулушка нараазы

Бишкек шаарынын тургуну Ташкөмүр көчөсүндөгү курулуш коопсуздук эрежелерин бузуу менен жүрүп жатканын «Элдик репортёр» рубрикасына билдирип, видео жөнөттү. Анын айтымында, аталган көчөдөгү №6 жана №8 үйлөрдүн ортосундагы көп кабаттуу үйдүн курулушу кооптуу абалды жаратууда.
Видеодогу кадрлардан курулуш жөө адамдар басчу тротуардын жана унаа токтотуучу жайдын жанында жүрүп жатканын көрүүгө болот. Муну менен катар курулуш жүргөн аймак тосмо менен тосулуп, бирок тротуардын үстү жабылган эмес. Мындан улам ар кандай курулуш материалдарды бийик имараттан ылдый жактагы тротуарга жана унаа токтотуучу жайга түшүп кетүү коркунучун жаратат.
“Бул жагдай аталган үйлөрдүн жашоочуларынын жана алардын балдарынын өмүрүнө, ден соолугуна чоң коркунуч жаратууда. Балдар кээде унаа токтотуучу жайга кирип, куушмай же жашынмак ойноп жатышат. Ошондой эле автоунаа ээлерине зыян келүү тобокелдиги жогору”,- деп билдирди тургун.
Мындан тышкары, ал курулуштун жанында шаарды суу менен камсыздоочу объект жайгашкан болушу мүмкүн экенин кошумчалады.