УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев өзүнө каршы кылмыш иши козголгонун билдирди

29.04.2026 | 15:54

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгонун тастыктап, тарапташтарын аны колдоп эч кандай аракеттерге барбоого чакырды.

Буга чейин социалдык тармактарда Ташиевге, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып тагылганы тууралуу маалымат тараган болчу.

Өз кайрылуусунда Ташиев күнөөсүн моюнга албай турганын жана толугу менен акталарына ишенерин билдирди. Анын айтымында, толук кандуу юридикалык коргонуу үчүн анда бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

«Эгер кимдир бирөө күнөөлүү болсо, ал тийиштүү жазасын алат, ал эми күнөөсүз адам акталат. Биздин өлкөдө мамлекет башчысынын демилгеси менен адилеттүү сот тутумун түзүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Маселен, Кемпир-Абад иши боюнча 25 айыпталуучу акталды. Баарыңыздарды мыйзам чегинде гана аракеттенүүгө чакырам. Мени колдоп эч нерсе кылуунун кажети жок», — деп жазган ал.

Scroll to Top