Депутат мектептик тамактанууга бөлүнгөн каражатты 50 сомго чейин жогорулатууну сунуштады

29.04.2026 | 16:23

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова мектептик тамактанууну каржылоону көбөйтүү зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда калктын 26%ы жакырчылык шартында жашайт, ал эми 41%ы толук кандуу тамактанууга жетиштүү мүмкүнчүлүккө ээ эмес.

Депутат белгилегендей, учурда 4-класска чейинки окуучулардын тамактануусуна күнүнө болжол менен 14 сом бөлүнөт. Мындай шартта мектептер арзан жана сапаты төмөн, анын ичинде импорттук азыктарды сатып алууга аргасыз болууда.

Ал жергиликтүү өндүрүүчүлөр тендерлерге катышып, сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга даяр экенин, бирок учурдагы сумма аларга атаандашууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын кошумчалады.

Ушуга байланыштуу Мавлянова мектептик тамактанууга бөлүнгөн каражатты 50 сомго чейин жогорулатып, ата мекендик фермерлер менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн катышуусун камсыз кылууну сунуштады. Бул балдардын тамактануусунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Scroll to Top