Бизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам берет

Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн насаатчылык программанын бешинчи сезону старт алды. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Бизнестеги айымдар» программасынын каржылык эмес кызматтарынын (NFS) алкагында FINCA Банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Жаңы сезонго өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан 36 лидер кыз-келиндер катышып, жети ай бою тажрыйбалуу насаатчылар менен биргеликте өз бизнесин өнүктүрүү жана масштабдоонун үстүндө иштешет.
Насаатчылык программа ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» комплекстүү сунушунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал өнөктөш банктар аркылуу каржылык инструменттерди жана насаатчылыкты, окутууну жана менеджментти өнүктүрүүнү камтыган каржылык эмес колдоону айкалыштырат. Демилге 2019-жылы Кыргызстанда ишке киргизилгенден бери, насаатчылык программага эки жылдан ашуун бизнес кылган же башкарган 300дөн ашык кыз-келин катышты. Алардын көбү рыноктогу позициясын бекемдеп, кирешесин көбөйтүп, ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейте алышты.
«Бизнестеги айымдар» программасынын алкагындагы насаатчылык компонентке болгон кызыгуунун өсүшүн, бизнести өстүрүү жана өзгөртүү этаптарында каржылык эмес колдоо көрсөтүүгө ишкер айымдардын суроо-талабы жогору болгондугу тастыктап турат. FINCA Банк сыяктуу өнөктөш банктар менен биргеликте биз каржылоого гана мүмкүнчүлүк бербестен, бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн тажрыйбалык куралдарды да сунуштайбыз», – деп белгилейт ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамова.

Программанын бешинчи сезонуна өлкөнүн алты аймагынан келген ишкерлер катышууда, алардын айрымдары FINCA Банктын кардарлары болуп саналат. Катышуучулардын бизнеси билим берүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, соода, туризм жана айыл чарба сыяктуу тармактарга таандык. «Бизнестеги айымдар» программасынын каржылык эмес кызмат көрсөтүү компонентинин алкагында алар насаатчылар менен биргеликте жаңы өсүү багыттарын аныктоо, бизнес-процесстерди жакшыртуу, илгерилетүү стратегиясын иштеп чыгуу жана башкаруу көндүмдөрүн чыңдоо үчүн иштешет.
Программанын ачылышында FINCA Банктын Башкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов: «FINCA Банк үчүн «Бизнестеги айымдар» программасына катышуу – бул ишкер айымдар менен болгон иштин логикалык уландысы болуп саналат. Биз насаатчылыкты кардарларыбызды WiB алкагында ар тараптуу колдоонун маанилүү элементи катары карайбыз: каржылык продуктылар менен катар, каржылык эмес кызматтар аял ишкерлердин бизнесин туруктуу жана аң-сезимдүү өнүктүрүүгө жардам берет» – деп белгиледи.
Бешинчи сезондогу шакирт Гулдана Шабданова «Логофея» логопедиялык борборлорунун түйүнүн башкарат. Гулдана медицина, педагогика жана психология боюнча үч жогорку билимге, ошондой эле кеңири бизнес тажрыйбага ээ. Азыр ал тармакты кеңейтип, логопедия боюнча автордук курстарын өткөрүүгө көңүл буруп жатат.
«Мен дайыма жаңы нерселерди өнүктүрүп, сынап көрүүгө аракет кылам: соода жаатында бир нече долбоорлорум болду, бирок бүгүнкү күнү мен үчүн билим берүү артыкчылыктуу. Буга чейин бизнести өнүктүрүү үчүн FINCA Банктан насыя алгам, эми өзүмдүн билимимди бекемдеп жана кеңейтип, алга карай жылып, масштабдоону каалап жатам. Мен жаңы тажрыйба жана колдоо үчүн программага кошулуп жатам», – дейт ишкер айым.
Сатуу боюнча эксперт Азат Шаймерденов шакиртке маркетинг жана кардар менен өз ара аракеттенүүгө башкача көз карашта кароого жардам берет.
«Максаттардын бири – сатууну таңуулап же манипуляция кылуунун кереги жок экенин түшүндүрүү. Бул биздин жашообуздун табигый бөлүгү, анткени биз байкабаганыбыз менен 24/7 үзгүлтүксүз сатып жатабыз. Мен үчүн программага катышуу – бул билимим менен бөлүшүп, сынап көрүү, кызыктуу тажрыйба топтоо жана балким, өз коркуу сезимимди жеңүү болсо керек», – деп бөлүштү насаатчы.
Насаатчылык программа насаатчы менен жекече иштөөнү жана топтук тренингдерди, ишканаларды тааныштыруучу экскурсиялар жана нетворкингдерди камтыйт. Мындай ыкма бизнес көндүмдөрүн гана өнүктүрбөстөн, ишкерлерге мыкты тажрыйба менен бөлүшүп, пайдалуу байланыштарды түзө ала турган кесиптик коомчулуктун бир бөлүгү болууга мүмкүндүк берет.
Насаатчылык программа ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясы боюнча сунушталган, финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында, FINCA банк менен биргеликте, ишкер аялдар үчүн Финансылык демилгенин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн чакан бизнеске таасир этүүчү Фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБдүн Бизнес-фонд техникалык кызматташтыгы, Бириккен Королдук жана АКШ) аркылуу ишке ашырылууда.