КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталды

10.03.2026 | 15:30

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Ведомство башчысы дайындалгандан үч жума өткөндөн кийин эле кызматынан ажырады.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдиргендей, мындай чечимге Шамырканов министрдин орун басары болуп турганда пара алган деген шектенүүлөр себеп болгон.

Тергөө маалыматы боюнча, 2025-жылдын жайында чиновник кызматкерлердин бирин кызматтан көтөрүү үчүн акча талап кылган. Жабырлануучу сумманын жарымын Шамыркановдун электрондук капчыгына которгон. Шектүү министр болгондон кийин кызматкер калган сумманы төлөй албастыгын билдирген. Буга жооп катары министр аны Баткен облусуна кызматка которуп жиберген.

Жабырлануучу арыз менен түздөн-түз Садыр Жапаровго кайрылган. Президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, аталган фактыларды тастыктаган.

Президенттин администрациясы кызматтагы кыска мөөнөт аткаминерлерди мурунку же учурдагы мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт деп баса белгиледи.

«Бул окуя башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн олуттуу сабак болушу керек. Мыйзамсыз аракеттер тууралуу белгилүү болсо, өлкө жетекчилиги жаңы дайындоолорду же репутациялык тобокелдиктерди шылтоолоп, буга көз жумбайт. Эң чечкиндүү чаралар көрүлөт», — деди Аскат Алагозов.

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Канатбек Чыныбаев дайындалды. Ал буга чейин аталган ведомствонун жетекчисинин орун басары кызматында иштеп келген.

Канатбек Чыныбаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилди.

Эскерте кетсек, Урматбек Шамырканов ӨКМди 2026-жылдын 19-февралында жетектеп баштаган жана бул кызматта бир айга жетпеген убакыт эмгектенди.

Теги: мчс
Scroll to Top