Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Кыргызстанда 2026-жылы 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылат
30.04.2026 | 16:35
Айыл чарба министрлигинде министрдин орун басары Рустам Балтабаевдин төрагалыгы алдында «100 өнөр жай ишканасы — 2026» долбоорунун алкагында үстүбүздөгү жылы ачылышы пландалган ишканалардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Долбоор Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2026-жылдын 19-февралындагы тапшырмасы менен бекитилген.
Жолугушууда долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалы, өндүрүштүк аянтчаларды даярдоо, инфратүзүм менен камсыздоо жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.
2026-жылы ишке киргизүү пландалган ишканалардын катарында төмөнкүлөр бар:
- суткасына 15 тонна продукция чыгарууга кубаттуулугу жеткен жана 60 жумушчу орунга эсептелген «Обидфайз» ЖЧКсынын сүт өндүрүшү;
- жылына 5 000 тонна продукция чыгарган жана 700 жумушчу орду бар «Барбол» кондитердик фабрикасы;
- кубаттуулугу 1 800 тоннаны түзгөн мөмө-жемиш жана желек (ягода) өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү цех;
- мрамор жана акиташ ташын кайра иштетүүчү эки ишкана — «Эко Стоун» ЖЧКсы жана Жалал-Абад облусундагы «Тойбос» филиалы;
- 2 000 тоннага ылайыкталган муниципалдык картошка сактоочу жай;
- «Адис нан» ЖЧКсынын нан бышыруучу жайы (наабайканасы);
- «Кыргыз Агрохолдинг» ЖАКтын «Асыл Тери» ЖЧКсы менен биргеликтеги булгаары заводу;
- 40 жумушчу орду бар «Три Т» канаттуулар заводу;
- 60 жумушчу орундуу «Орион Экстра» ЖЧКсынын ун чыгаруучу ишканасы;
- 150 жумушчу орунга эсептелген «Ак-Суу асыл тукум чарбасы» ЖЧКсынын канаттуулар фабрикасы;
- 200 жумушчу орду бар «Радуга корм» ЖЧКсынын тоют өндүрүшү.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча тапшырмалар берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика