Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жок

11.03.2026 | 15:30

Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

«Ак-Тилек автожолу» постунда болгон текшерүүдө аталган жүктүн фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар транспорттук документтердеги көрсөткүчтөргө дал келбестиги аныкталган. Мындан улам Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жүктү кайра артка кайтарган.

Министрлик импорттоочуларга фитосанитардык талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти.

Scroll to Top