1-май: Өлкө боюнча жаан жаайтНарынга 1000 сом менен учабыз: «Асман Эйрлайнс» болуп көрбөгөндөй акция баштайтЧеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскерттиКелечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” болуп өттү
Ашуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок
12.03.2026 | 09:32

Бүгүн, 12-мартка карата өлкө аймагындагы жолдордо абал туруктуу, унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок. Ал эми ашууларда каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Төмөнкү ашууларда каттам бар:
- Ош–Сары-Таш–Эркечтам авто жолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашууларында,
- Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка авто жолунун Чапчыма ашуусунда,
- Бишкек–Ош авто жолунун Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында,
- Боом капчыгайында,
- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда;
- Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында,
- Тараз–Талас–Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашуусунда,
- Түп–Кеген жолунда каттам үзгүлтүксүз уланууда.
Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом