Келечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” болуп өттү

30.04.2026 | 17:02

2026-жылдын 29-апрелинде борбордогу №68 мектеп-гимназияда “Атомдук сабак” болуп өттү. Бул иш-чара “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын мектеп окуучулары жана мугалимдер арасында илимди жайылтуу үчүн иштелип чыккан чоң “Атомариум” программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чарага заманбап илимий жетишкендиктер жөнүндө жеткиликтүү формада билүү үчүн 80ге жакын окуучу катышты.

Сабакты гимназиянын директору Саадат Жумакунова жана “Росатомдун”  Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов ачышты.

“Биздин мектеп үчүн бул физика китебинен тышкары, окуучуларга илимий билимдерди тажрыйба жүзүндө кантип колдонуу керектигин көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп жатат. Мындай жолугушуулар окуучуларга келечектеги кесибин заманбап технологиялык тармактан чындап көрүүгө жардам берет”, – деп белгиледи Саадат Жумакунова.

Сабактын негизги бөлүгүн физика мугалими Садыкова Жамила Таабалдиевна алып барды. Педагог фундаменталдык илимий ачылыштардын маңызын жана күнүмдүк жашоодо тынчтык атому өз ордун кантип таап жатканын түшүндүрүп берди.  Кеп илимдин жетишкендиктери технологияга негиз болуп, азыркы замандагы адамдын жашоосун ыңгайлуураак жана коопсуз кылып жаткандыгы тууралуу болду.

Бул технологиялар Кыргызстанга түздөн-түз кантип жайылтылып жаткандыгы тууралуу Дмитрий Константинов айтып берди. Ал Кыргызстан менен бир нече багытта кызматташуу жүрүп жаткандыгын түшүндүрдү. Мисалы, саламаттыкты сактоо тармагына Россия Федерациясынан “Технеция-99m” генераторлорун жеткирүүнүн натыйжасында өлкөдө маанилүү радионуклиддик бейтаптарды текшерүү кайрадан жанданды. Ал эми  алдыдагы план боюнча Улуттук онкология жана гематология борборунда (УОГБ) ядролук медицина борбору түзүлсө, онкология жана башка ооруларды аныктоо жана дарылоонун алдыңкы ыкмалары колдонулмакчы.

“Мындай сабактардын максаты эң жөнөкөй – жаштар арасында илимди жайылтуу жана азыр суроо-талап зор болуп жаткан кесипке балдарды чакыруу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан “Росатом” менен биргеликте жогорку технологиялык тармактарды активдүү өнүктүрүп жатат жана өлкөгө бул багытта иштөө үчүн таланттуу адистер керек болот”- деп белгиледи Дмитрий Константинов.

Суроо-жооп сессиясында мектеп окуучулары чакан атомдук электр станцияларынын жана башка заманбап технологиялардын коопсуздугу жана келечеги жөнүндө билишти.

Мындай “Атомдук сабак” биринчи жолу 2025-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн жана азыр бул билим берүү демилгеси Бишкекте ийгиликтүү колдоого алынды.

Scroll to Top