МСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү1-май: Өлкө боюнча жаан жаайтНарынга 1000 сом менен учабыз: «Асман Эйрлайнс» болуп көрбөгөндөй акция баштайтЧеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскертти
Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттү
12.03.2026 | 10:47
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү секторунда туруктуу оң динамика байкалууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөнүн кайра иштетүү секторунун жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайынын (анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүрүү) үлүшү 18,8%ды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында эле тармактык ишканалар 8 млрд 91,6 млн сомдук продукция өндүрүшкөн. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6%ды түздү (бул 13,6%дык өсүштү билдирет).
Агрардык потенциалды чыңдоо максатында Министрлик 2026-жылга карата план иштеп чыкты. Документ республика боюнча 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ишке киргизүүнү карайт.
Бүгүнкү күндө алгачкы төрт объект пайдаланууга берилди:
- Нарын облусу: Нарын районунда бир эле учурда эки өндүрүш ачылды. Жан-Булак айылында ун азыктарынан жарым фабрикаттарды чыгаруучу цех ишин баштаса, Эмгек-Талаа айылында кубаттуулугу айына 4 тоннага чейин жеткен сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди.
- Ысык-Көл облусу: Тоң районунда «Эрдик» ААК курама жем чыгаруучу завод ачты.
- Манас шаары: Бул жерде «Золотой Орех» ЖЧКсынын жаңы соода-логистикалык борбору катталды. Кубаттуулугу 500 тонналык объект мөмө-жемиштерди жана желектерди (ягода) тез тоңдуруучу (шоковая заморозка) жабдуулар менен камсыздалган жана аларды сактоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: минсельхоз