Гүлчөдөгү селдин кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жетишсиз — депутат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Алай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз экенин билдирди.
Анын айтымында, Гүлчө айылында сел жүргөндөн бери кыйроолор тууралуу көп маалыматтар түшүүдө, ал эми кечээ ал жерде өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жергиликтүү бийлик жана ӨКМ кызматкерлери иш алып барып жатканына карабастан, азыркы аракеттер абалды турукташтырууга жетишсиз болууда.
Депутат өлкө жетекчилигин бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, кошумча күчтөрдү, техникаларды жана каржылык каражаттарды тартуу менен чараларды күчөтүүгө чакырды.
Ошондой эле Примов сел социалдык объектилерге — мектептерге, бала бакчаларга жана турак жайларга зыян келтиргенин белгилеп, кырдаал кооптуу бойдон калып жатканын айтты.
Эске салсак, 27-апрелде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 25 турак үйдүн короолорун суу каптаган.