Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү жана анын араб өлкөлөрүнө тийгизген таасири боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө, мамлекет башчысы кагылышуулардын Орозо айында болуп жатканына токтолуп, жай тургундардын арасындагы курмандыктарга байланыштуу каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
“Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз. Биз, Кыргыз Республикасы БУУнун Уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз”,- деп билдирди.
Ошондой эле президент тараптарды сабырдуулукка, согуш аракеттерин токтотууга жана маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго кайтууга чакырды.