Кыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?

13.03.2026 | 11:45

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда калктын кирешеси, айлык акылар жана ишканалардын карыздары кандай өзгөрдү? Улуттук статистика комитети үй чарбаларын тандап изилдөөнүн жаңы маалыматтарын сунуштады. Ведомство орточо айлык акынын 44,4 миң сомго чейин өскөнүн жана кызматкерлердин алдындагы карыздардын 31,6%га азайганын белгилейт. Ошол эле учурда, республиканын аймактарынын ортосунда жана жеке менен мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин кирешелеринде олуттуу айырма сакталып турат.

2025-жылдын январь-сентябрь айларында өлкө калкынын жалпы номиналдык акчалай кирешеси 736 млрд сомду түздү. 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 7,4 пайызга өскөн.

Калктын кирешеси эмнелерден куралат?

Жарандар акчанын негизги бөлүгүн эмгек ишмердүүлүгүнөн алышат — бул жалпы киреше түзүмүнүн 79,7 пайызын түзөт. Социалдык трансферттерден (пенсия, жөлөкпул) түшкөн кирешелер 12,6 пайызды түзсө, дагы 5,1 пайызын тургундар өздөрүнүн көмөкчү чарбаларында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуудан табышат.

Орточо эсеп менен адамдын тескөөсүндөгү акчалай киреше (бардык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин калган сумма) бир адамга айына 11 615 сомду түздү.

Айлык акылардын деңгээли: аймактар боюнча статистика

2025-жылдын январь-декабрь айларында республика боюнча орточо айлык номиналдык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 44 419 сомду түздү. Бир жыл ичинде ал 18,9 пайызга өскөн. Анын реалдуу өлчөмү (баалардын өзгөрүшүн эске алганда) 9,9 пайызга жогорулады.

Бюджеттик жана жеке сектор

2025-жылы жеке сектордун кызматкерлери мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине караганда орточо эсеп менен 1,7 эсе көп айлык алышкан. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн орточо республикалык көрсөткүч 33 793 сомду түзсө, жеке чөйрөдө бул көрсөткүч 58 822 сом болду.

Ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча эң жогорку айлыктар

Номиналдык эмгек акынын өсүшү экономиканын бардык тармактарында катталган. Эң жогорку айлык акылар төмөнкү тармактарда байкалды:

Эмгек акы боюнча карыздар

2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда айлык акы боюнча жалпы карыз 68,5 млн сомду түздү. Өткөн жылдын 1-январына салыштырмалуу бул сумма 31,6 пайызга азайган.

Карыздардын негизги бөлүгү үч аймакка туура келет:

  1. Чүй облусу: 30,7 млн сом (өлкө боюнча жалпы сумманын 44,8%ы). Карыз өткөн жылга салыштырмалуу 8,5%га өскөн.
  2. Жалал-Абад облусу: 24,4 млн сом (жалпы сумманын 35,6%ы). Карыз 7,8%га өскөн.
  3. Бишкек ш.: 6,6 млн сом (жалпы сумманын 9,7%ы). Карыздын көлөмү кыскарган.

Ош облусунда (Ош шаарын кошкондо) жана Талас облусунда айлык акы боюнча карыздар такыр жок.

Калктын колунда калган таза киреше (аймактык рейтинг)

Республикалык орточо көрсөткүч — 11 615,4 сом.

Колго тийген акча өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору болгон аймактар:

  • Бишкек: 15 129 сом
  • Чүй облусу: 12 232,2 сом
  • Ош шаары: 11 716,6 сом

Колго тийген акча орточо көрсөткүчтөн төмөн болгон аймактар:

  • Баткен облусу: 11 075,0 сом
  • Ош облусу: 10 958,3 сом
  • Жалал-Абад облусу: 10 611,6 сом
  • Ысык-Көл облусу: 9 612,8 сом
  • Талас облусу: 9 567,3 сом
  • Нарын облусу: 8 439,5 сом
Scroll to Top