МСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү1-май: Өлкө боюнча жаан жаайтНарынга 1000 сом менен учабыз: «Асман Эйрлайнс» болуп көрбөгөндөй акция баштайтЧеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскертти
Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда
16.03.2026 | 09:30

Ош шаарынын четиндеги бош аймактарга жаңы өндүрүш зоналарды түзүү пландалууда. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
15-мартта мэр Жанар Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четиндеги өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарды кыдырган. Иш сапардын алкагында жер тилкелеринин абалы жана мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Шаарды өнүктүрүү планына ылайык, өндүрүштүн түрлөрүн төмөнкү аймактарга ачуу белгиленүүдө:
- Озгур айылы — агрардык өндүрүш зонасы;
- Жапалак айыл аймагы — тамак-аш өндүрүшү;
- Алымбек-Датка муниципалдык аймагы — оор өнөр жай тармагы;
- Жибек-Жолу муниципалдык аймагы — жеңил өнөр жай зонасы.
Калаа башчысынын айтымында, өндүрүш аймактарын түзүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана тургундарды жумуш орундары менен камсыздоого багытталган.