Жеңиш туусунун 81 жылдыгы: Берлин үчүн салгылашууларга кыргызстандыктардын кошкон салымы

30.04.2026 | 11:56

Мындан туура 81 жыл мурун, 1945-жылдын 30-апрелинде советтик жоокерлер Берлиндеги Рейхстагдын имаратына Жеңиш туусун илишкен — бул бүтүндөй Экинчи дүйнөлүк согуштагы эң маанилүү символикалык актылардын бири болуп саналат. Бул тарыхый окуянын каармандары Алексей Бересттин жетекчилиги астында Михаил Егоров жана Мелитон Кантария болгон.

Берлинди штурмдоого (алууга) Кыргызстандын кулундары да катышкан. 207-кыргызстандык аткычтар дивизиясынын курамында Германиянын борбору үчүн болгон салгылашууларда капитан Б. Байбулатов, улук лейтенант А. Сүйүмбаев, сержант Н. Оморовдор кармашкан.

1945-жылдын апрель-май айларында Берлин үчүн болгон салгылашууларда кеминде 61 кыргызстандык курман болгон. Алар республиканын ар кыл бурчтарынан — Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Фрунзе облустарынан барып, Берлиндин топурагында түбөлүккө калышкан.

Шаардагы кармаштар 2-майга чейин уланып, ал эми Германиянын капитуляциясы (багынып бериши) жөнүндө актыга кийинчерээк кол коюлганына карабастан, дал ушул 30-апрелде Рейхстагдын үстүнө Жеңиш туусунун илиниши нацизмдин биротоло кыйрашынын символу болуп калды.

Бүгүнкү күндө Жеңиш туусу — фашизмге каршы күрөшкөн бардык элдердин эрдигинин, биримдигинин жана жан аябастыгынын жалпы символу. Анын ичинде, бул жеңишке кошкон салымы жалпы тарыхтан бөлүнбөс кыргызстандыктардын да символу болуп саналат.

Баатырлардын элесине түбөлүк таазим.

Scroll to Top