Путин Бишкектин түштүгүндө КРСУнун кампусун куруу боюнча макулдашууну ратификацияладыБаткен облусунда сел жүрдү: 149 адам эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилди3-май: Өлкө аймагында жамгыр жаайт, айрым жерлерде катуу болушу күтүлөтКыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды
Орто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилди
16.03.2026 | 12:05

Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион даана май-канат балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Балыктандыруу иштерин “Орто-Токой ынтымагы” ишканасы ишке ашырды. Коё берилген чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Процесске Балык өнөр жайы комплекси департаментинин адистеринен жана Экологиялык туристтик милициянын кызматкерлеринен турган комиссиялык топ көзөмөл кылды.
Иш-чара суу сактагычтагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом