КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Быйыл Араванда картошка эрте бышып, жыйнала баштады
29.04.2026 | 10:18

Ош облусунун Араван районунда картошка эрте бышып, сатыкка чыга баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда дыйкандар түшүмдү дүң баада сатып жатышат. Район боюнча жалпы 1665 гектар жерге картошка эгилген.
Аталган өрөөндө картошка адатта 20-майга жакын бышат. Бирок быйыл аба ырайынын ысыктыгынан улам түшүм мөөнөтүнөн эрте жыйнала баштады. Дыйкандар продукцияны жергиликтүү базарларда жана Бишкек шаарында сатышат.