Жалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды
Баткен облусунда сел жүрдү: 149 адам эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилди
03.05.2026 | 11:00
Баткен районунун Ак-Татыр айылында сел жүргөндөн кийин өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Табият кырсыгы 2-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин, саат 19:00 чамасында болгон.
50гө жакын үйдүн короосу суу алдында калды. Кооптуу аймактан 35 үй-бүлө — жалпысынан 149 адам эвакуацияланып, сел жүргөн нуктун жээгинен коопсуз жерге чыгарылды. Учурда жеринде ӨКМ кызматкерлери иштеп жатат, иш-аракеттерди министрдин орун басары Алмазбек Асанов координациялоодо.
Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 280-чакырымында кыймыл убактылуу токтотулган, азыр жол эки багытта тең ачык.