Салык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскертти

Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыкты төлөө мөөнөттөрүн эскерти. Салык мыйзамдарына ылайык, бул салык квартал сайын тең үлүштөр менен төмөнкү мөөнөттөрдө төлөнөт:
- 20-мартка чейин;
- 20-июнга чейин;
- 20-сентябрга чейин;
- 20-декабрга чейин.
Кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Салык төлөөчүлөр эсептелген суммалар тууралуу маалыматты cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинеттен алса болот.
Салыктардын туура эсептелиши мамлекеттик каттоо органдарынын системаларындагы маалыматтардын тактыгына көз каранды. Буга байланыштуу салык төлөөчүлөргө мүлктүн документтерин «Кадастр» мекемесинин маалыматтары менен салыштырууну сунуштайт.
Төмөнкү объекттердин ээлерине салыктын эсептелишин текшерүү сунушталат:
- турак эмес имараттар, жайлар жана курулуштар;
- калктуу конуштардын жерлери;
- айыл чарба багытындагы эмес жерлер.
Эгерде салыктын эсептелишинде каталар же туура эмес маалыматтар аныкталса, маалыматтарды оңдоо үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесине же мүлк жайгашкан жердеги Салык кызматынын аймактык башкармалыгына кайрылуу зарыл.