Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомгоТрамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдөСадыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды
18.03.2026 | 11:19

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын төрагасынан кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызы келип түшкөн. Маматалиев комитетке бул боюнча тиешелүү иштерди алып барууну тапшырды.
Эске сала кетсек, 44 жаштагы Мелис Тургунбаев аталган кызматка 2024-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин ал 2002-жылы Финансы министрлигинде, 2006-2015-жылдары “Газпром нефть Азия”, 2013-2017-жылдары “Кыргызнефтегаз”, 2023-жылдан тарта Экология министрлигинде иштеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат