Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Бишкекте эл аралык Борбор Азия бий олимпиадасы өтөт
30.04.2026 | 11:27

5–7-июнь күндөрү Бишкек шаарында XI эл аралык Борбор Азия бий олимпиадасы (International Dance Olympiad of Central Asia) өтөт.
Иш-чара Маданият министрлигинин, Спорт мамлекеттик агенттигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.
Олимпиадага 10 өлкөдөн 5 миңден ашуун катышуучу келет. Катышуучулар классикалык, элдик, заманбап жана эстрадалык бий багыттары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Министрлик бул олимпиада таланттарды ачуу жана тажрыйба алмашуу аянтчасы катары Борбор Азиядагы бий жамааттарын бириктирген негизги платформалардын бири болуп саналарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият