Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон ашты
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунда жер тилкелерин өзүм билемдик менен басып алуу жана мыйзамсыз пайдалануу фактысына бөгөт коюшту.
Мекеменин маалыматы боюнча, бул мыйзам бузууга чет элдик жаран Л.Ж.Ж. жетектеген «Аврора-Тур» ЖЧК чет элдик компаниясынын тиешеси бар. Тергөөдө аныкталгандай, компанияга расмий түрдө 0,10 гектар гана жер пайдаланууга берилгенине карабастан, ал 3,58 гектар жерди өзүм билемдик менен ээлеп алган.
Мыйзамсыз басып алынган аймакта тийиштүү уруксат кагаздары жок өнөр жай ишмердүүлүгү: шагыл казуу жана шагыл таш (щебень) өндүрүү уюштурулган. Бул ишмердүүлүктүн натыйжасында мамлекетке 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын жетекчиси Л.Ж.Ж. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.