Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдү
14.04.2026 | 13:40

«Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпостору дунган тилине которулуп, китеп болуп басылып чыкты. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Бул маанилүү маданий окуяга байланыштуу Кыргыз улуттук Манас театрында китептин салтанаттуу бет ачары өтөт. Бет ачарда китеп тууралуу кеңири маалымат берилип, коноктор үчүн маданий программа да сунушталат.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, ошондой эле элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө.
Иш-чара 20-апрелде саат 11:00дө Самойленко көчөсү, 2/9 дарегиндеги театрда өтөт.