Кыргызстан менен Кытай айыл чарба продукциясынын экспортун кеңейтүү боюнча кадамдарды белгилешти
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин кеңешмесинин алкагында Кыргызстан менен Кытайдын өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өттү. КР айыл чарба министри Эрлист Акунбеков КЭРдин айыл чарба министринин орун басары Чжан Чжили менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуунун башкы темасы кыргызстандык агропродукцияны Кытай рыногуна жеткирүүнү көбөйтүү болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн аралык жыйынтыктарын чыгарышты. Бүгүнкү күндө экспорттун ченемдик-укуктук базасы жигердүү кеңейтилүүдө:
- айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча 17 протоколго буга чейин кол коюлган;
- дагы 3 документ макулдашуу баскычында турат;
- 32 жаңы багыт боюнча мындан аркы иштер үчүн документтердин долбоорлору күтүлүүдө.
Эрлист Акунбеков Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө толук даяр экенин баса белгиледи. Кыргыз тарап жаңы макулдашууларга, анын ичинде түздөн-түз Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы менен келишимдерге тез арада кол коюуга кызыкдар экенин билдирди.