Кыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлду
Эми дыйкандар чалуу аркылуу кеңеш ала алышат. Айыл чарба министрлигинин байланыш борбору ишке кирди
16.04.2026 | 11:11

Фермерлер жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн байланыш борборун (call center) ишке киргизди. Эми 1210 номери аркылуу жарандар айыл чарба жаатындагы программалар боюнча маалымат алып, маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Фермерлер төмөнкү багыттар боюнча кеңеш ала алышат:
- мамлекеттик колдоо (насыя, субсидия, лизинг);
- суу ресурстары жана ирригация маселелери;
- өсүмдүк өстүрүү, коргоо жана анын карантини;
- мал чарбасы, ветеринария жана асыл тукум иши;
- продукцияны кайра иштетүү, сактоо, сертификаттоо жана экспорт.
Чалуулар Кыргызстандын аймагында бардык байланыш операторлорунан кабыл алынат. Борбор иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Мекеменин маалыматында, бул кызматты ишке киргизүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана агроөнөр жай комплексинде санарип куралдарын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин алкагында ишке ашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом