БШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилет
Бишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталды
16.04.2026 | 13:18

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы борбор калаага гүл отургузуу иштерин баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, быйыл 2 млн даана бир жылдык гүл отургузулат.
Тизмеге тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгин, петуния жана колеус сыяктуу гүлдөр кирген. Гүл композициялары борбордук көчөлөрдө, парктарда, скверлерде жана гүлзарларда жайгаштырылат. Мэрия иштер шаардын төрт административдик районунда бир убакта башталганын билдирди.
«Бишкек жашыл курулуш» ишканасы шаар тургундарын жана конокторун отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга, аларды үзбөөгө жана тебелебөөгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом