Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болду

18.04.2026 | 14:15

Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу КР мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай билдирүү президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары — мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевдин Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Сириянын башчысы менен болгон жолугушуусунда жасалды.

Кадыралиев иш-чарага КР президентинин республиканын БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлигин илгерилетүү боюнча атайын өкүлү катары катышканы белгиленет.

Жолугушуунун алкагында кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында боло турган шайлоодо колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып, араб өлкөлөрүнүн колдоосу маанилүү экенин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү, анын ичинде жабыркаган калкка жардам көрсөтүүнү талкуулашты.

Scroll to Top