Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт

23–24-апрель күндөрү Манас шаарында XVII эл аралык «Китеп FEST – 2026» фестивалы өтөт. Иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналып уюштурулууда.
Фестивалдын максаты — китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана китеп окуу маданиятын өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргызстандан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан келген акын-жазуучулар, басмаканалардын жана китепканалардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери катышат.
Фестивалдын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:
- китеп көргөзмөлөрү;
- акын-жазуучулар менен жолугушуулар;
- концерттик программалар;
- адабий конкурстар;
- театрлаштырылган оюн-зооктор;
- интерактивдүү иш-чаралар.
Ошондой эле китеп жумалыгынын алкагында республиканын бардык китепканаларында китеп фестивалдары жана маданий иш-чаралар параллелдүү түрдө өткөрүлөт. Алсак, 22–23-апрель күндөрү Ош шаарында «Окурман Ош» фестивалы өтөт.