Жалпы кубаттуулугу – 15,6 МВт: Сокулук районунда эки чакан ГЭС ишке кирдиЖКда курулуш жана шаар куруу боюнча мыйзам долбоору четке кагылдыБишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө2026-жылдын январында Кыргызстан Казакстандан сатканына караганда дээрлик үч эсе көп товар сатып алдыКыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон ашты
Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды
20.04.2026 | 13:04

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү О.А.Ж. опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, тергөөчү алдамчылык боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана жаранды издөөдөн чыгаруу үчүн 25 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен тергөөчү бир айга камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар