Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө

Бүгүн, 20-апрелде, Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмеси башталды.
Кеңешмеде оорулардын алдын алуу, калктын ден соолугун башкаруу боюнча мамлекеттик саясат, медициналык жардам көрсөтүү системаларынын туруктуулугу жана тармакты санариптик трансформациялоо маселелери талкууланууда. Ошондой эле тараптар дарылоону уюштуруу жана эпидемиологиялык коркунучтарга, климаттык өзгөрүүлөргө биргелешип жооп берүү жолдорун карашууда.
Иш-чарага Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Хан Сухэль, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге жана ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери катышууда.
Жылдыз Таалайбек кызы кеңешмеде сөз сүйлөп, Кыргызстанда алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, кадрдык ресурстарды чыңдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Ал эми КРдин саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ШКУ алкагындагы кызматташтык системалардын туруктуулугун чыңдоого жана калктын ден соолугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча саламаттык сактоо тармагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу пландалууда.