Жалпы кубаттуулугу – 15,6 МВт: Сокулук районунда эки чакан ГЭС ишке кирди

20.04.2026 | 16:08

Бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районунда «Сокулук» жана «Туюк» чакан гидроэлектр станциялары ишке киргизилди. Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, объектилер «Сокулук ГЭС-3» ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылган. Эки станциянын жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт. Анын ичинен Сокулук дарыясындагы ГЭС 9,7 МВт, ал эми анын куймасы Туюктагы ГЭС 5,9 МВт кубаттуулукка ээ. Долбоорду ишке ашырууга ата мекендик инвестор тарабынан 1,7 млрд сом инвестиция багытталган.

Ошондой эле долбоордун алкагында станциялардын имараттары, башкы курулмалар, подстанциялар жана электр берүү линиялары курулган. Өндүрүлгөн электр энергиясы улуттук энергетикалык системага берилет.

Садыр Жапаров иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча саясат жүрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 180 МВт болгон 48 чакан ГЭС иштеп жатат. Ошондой эле республика боюнча дагы 50 станциянын курулушу жүрүүдө, анын 13үн быйыл ишке киргизүү пландалган.

Президент чакан ГЭСтерди куруу энергетикалык системанын туруктуулугун жогорулатууга, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Scroll to Top