ЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 20-апрелде, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага жыйында сүйлөгөн сөзүндө 2025-жылы Бишкек шаарында өткөн саммиттин жыйынтыктарына токтолуп, анын алкагында киберкоопсуздук жана маалыматтык-аналитикалык ишти өркүндөтүү боюнча стратегиялык документтерге кол коюлганын белгиледи.
Марлен Маматалиев учурдагы дүйнөлүк кырдаалга баа берип, терроризм, экстремизм жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу коркунучтар өсүп жатканын айтты. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукка токтолуп, чыр-чатактарды жөнгө салуунун жолу катары дипломатияны жана эл аралык укукту урматтоону атады.
Төрага мындан тышкары коопсуздукту камсыз кылууда парламенттик дипломатиянын ролун белгиледи. Анын айтымында, парламенттер улуттук мыйзамдарды жакындаштырууга, аскердик-техникалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө шарт түзөт. Кыргызстан уюмдагы өнөктөштөр менен стратегиялык диалогду улантууга кызыкдар экени билдирилди.
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясы 2006-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Тажикстандын парламенттери мүчө болуп саналат.