Дастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштады

21.04.2026 | 15:29

Депутат Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлигине кайрылып, дипломатиялык корпустун кызматкерлерин дайындоодо окуу жылын эске алууну сунуштады. Анын айтымында, бул алардын балдарына окуусун толук аяктоого мүмкүнчүлүк берет.

«Эгер бала окуусун баштаган болсо, аны ортосунда башка жакка которбой, жыл аягына чейин бүтүрүүгө шарт түзүү керек. Бул адамкерчиликтүү болмок. Түшүнөм, келишим түзгөндө кызматкер буга макул болот», — деди депутат.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев министрлик кызматкерлердин ротациясын жай мезгилинде жүргүзүү боюнча иш алып барып жатканын билдирди. Ошондой эле ал кызматкерлер келишимге кол койгондо анын мөөнөтүн алдын ала билип, өздөрү даярдык көрүшү керек экенин кошумчалады.

Теги: ТИМ
Scroll to Top