Өч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалды

Кара-Суу районунун Мады айылында бильярд клубун өрттөөгө шектелип, 20 жана 19 жаштардагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-мартта аталган клуб өрттөнгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары 2006-жылы туулган Н кызы А. жана 2007-жылы туулган А.А. кармалып, соттун чечими менен камакка алынышкан.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, шектүүлөр жеке таарынычтарынан улам өч алуу максатында имаратка бензин чачып өрттөшүп, окуя болгон жерден качып кетишкен. Өрттүн кесепетинен бильярд клубунун ээсине ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.