Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Садыр Жапаров Астанада Регионалдык экологиялык саммитке катышат
22.04.2026 | 09:35

Өлкө башчы Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке (РЭС) катышуу үчүн Казакстандын борбору Астанага иш сапары менен барды.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алган.
Иш сапардын алкагында президент РЭС пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, ошондой эле чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары ал Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат