Дастан Бекешев мектеп программасын жана шарттарды кайра кароону сунуштады

22.04.2026 | 12:00

Кыргызстандагы мектептерде окуучулар программаны өздөштүрө албай жатышат, ошол эле учурда оор окуу китептерин көтөрүп, начар шарттарда окууга мажбур. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев кайрылып билдирди.

Анын айтымында, мектеп программасы балдар үчүн өтө татаалдашып кеткен. Мисал катары ал мурда 4-класста окутулган көбөйтүү таблицасы азыр 2-класста өтүлүп жатканын белгиледи.

«Мындан улам окуучулар билим берүү мазмунун кабыл албай жатышат. Андан ары программага жетишпей, материалды улам начар өздөштүрүшөт. Бул билим берүүнүн сапатына таасир этет», — деди Бекешев.

Ал окуу китептерине жана жалпы билим берүү программасына көз карандысыз экспертиза жүргүзүп, алардын балдардын жаш өзгөчөлүгүнө канчалык шайкеш келерин баалоону сунуштады.

Мындан тышкары, депутат окуу китептеринин оордугу маселесин көтөрдү.

«Бир нече килограмм китеп көтөрүшөт — бул сколиозго жана дененин башка бөлүктөрүнө таасир этет. Бул жагын да карап чыгыңыздар», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Бекешев мектептердеги гигиеналык шарттарды, тактап айтканда дааратканалардын абалын текшерүүнү сунуштады. Анын айтымында, мындай маселелер боюнча даттануулар өлкөнүн бардык аймактарынан, анын ичинде Бишкектен да түшүүдө.

Scroll to Top