Депутат Искра айылындагы бала бакчаны оңдоого каражат бөлүүнү суранды
Бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев быйылкы жылы Чүй облусунун Искра айылындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө каржы каражаттарын бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.
Анын айтымында, соттун чечими чыгып, имарат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттин балансына кайтарылгандан кийин, бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүүгө долбоордук-сметалык документтер даярдалган.
Парламентарий белгилегендей, долбоордук-сметалык документтер (ДСД) толугу менен иштелип чыгып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бардык керектүү корутундулары алынган. Ал кошумчалагандай, долбоор Чүй облусундагы объекттерди өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча президенттик фонддон каражаттарды бөлүштүрүүнүн алкагында сунушталган. Бирок башка аймактарда иштер жүрүп жатканы менен, бул жакта бүгүнкү күнгө чейин жумуштар баштала элек.
Саккараев долбоордун социалдык маанисин баса белгилеп, ал токтоп калбашы үчүн жана айыл тургундары жакынкы арада бала бакча менен камсыз болушу максатында бул маселени оң карап берүүгө чакырды.