«Көмүскө келишимсиз» мамлекет. Шерадил Бактыгулов административдик-аймактык реформа тууралуу

24.04.2026 | 10:46

Облустар менен райондор эмне себептен өткөн чакка айланып барат, башкарууда канча тепкич ашыкча, бош калган каражаттар каякка кетет, чиновниктер эмнеге каршылык көрсөтүшөт жана өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүн түп-тамырынан өзгөртүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушканда облустук жана райондук башкарууну жоюп, алардын ордуна 20 округ түзүү планын айтты. Өлкө эки деңгээлдүү башкарууга өтөт, башкача айтканда, республикалык борбор жана округдар. Ортодогу облус менен район дегендер болбойт. Бул план 3-4 жыл аралыгында ишке ашат. Аталган демилге 2022–2024-жылдардагы реформанын уландысы болду, анда айыл өкмөттөрүнүн саны 452ден 231ге чейин кыскарган.

Эксперт Шерадил Бактыгулов Reporter.kg’ге берген маегинде, эмне үчүн азыркы система мурдатан калган эски мурас экенин, ирилештирүү коррупцияга кандайча бөгөт коёрун жана алыскы айылдагы элге мунун кандай пайдасы бар экенин түшүндүрүп берди.

1-бөлүк. Советтик мурас: колхоздор кантип аймак болгон

— Кепти тарыхтан баштайлы. Эмне үчүн азыркы административдик-аймактык түзүлүш системасы суроо-талапка жооп бербей калды?

— Анткени ал совет доорунан бери такыр өзгөргөн эмес. Бизде айылдык аймактар мурдагы колхоз жана совхоздордун базасында түзүлгөнүн баса белгилем кетким келет. Аймактардын аянты өлчөмү боюнча дайыма ар түрдүү болчу — себеби бир колхоз чоң, экинчиси кичинекей, бири бай, экинчиси дотацияда эле. Бул жөн гана мурас катары өтүп калган.

— Бирок эгемендүүлүктү алгандан кийин айрым нерселер өзгөрдү го?

— Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында формалдуу реформа жасалган: мурдагы колхоздор менен совхоздор аймактарга айланган, райкомдор — райондук мамлекеттик администрацияларга, обкомдор — облустук мамлекеттик администрация болуп өзгөргөн. Иш жүзүндө жөн эле аталыштары алмашкан. Чыныгы реформа болгон эмес.

— Эмне үчүн бул маселе дал азыр көйгөйгө айланды?

— Анткени мамлекетти башкаруу системасы толугу менен өзгөрдү. Көз карандысыз президент, толук кандуу парламент, сот системасы пайда болду. Кыргыз ССРинде кыскартылган түрдө болгон министрликтер жана мекемелер толук кандуу болуп калышты. Ошондо башаламандык жаралды: ким кимди башкарат? Мурда бир эле кожоюн бар болчу — партиянын райкому. Азыр болсо Саламаттык сактоо министрлиги бир нерсени айтат, Билим берүү министрлиги башкасын, облустук администрация такыр башкан айтат. Алардын баары бир аймакты башкарууга аракет кылып жатышат.

— Кыргызстандын тарыхында облустардын саны дайыма эле жетөө болгон эмес, өзгөрүп турган. Бул реформа менен кандай байланышы бар?

— Чындыгында,  Советтер Союзу мезгилинде 

Кыргыз ССРи түптөлүп жатканда бир эле облус болгон. Кийин алар көбөйдү. Жаңы тарыхта Баткен окуяларынан кийин, Баткен облусун Ош облусунун курамынан бөлүштү. Демек, система бир орунда турган эмес. Бирок бул өзгөрүүлөр үстүрттөн чекиттик мүнөздө болуп, башкаруунун негизги принциптерин өзгөрткөн эмес. Азыр болсо негизги принцип өзгөрүп жатат: төрт баскычтуу системадан эки баскычтуу системага өтүү каралууда. 

2-бөлүк. Узун баскыч

— «Төрт баскыч» деген эмнени билдирерин жана бул эмне үчүн жаман экенин түшүндүрүп берсеңиз?

— Учурда көпчүлүк учурларда төрт баскычтуу система иштеп жатат: борбор — облус — район — жергиликтүү өз алдынча башкаруу (айылдык аймак). Андан тышкары, облустук мамлекеттик администрациялар линиясы боюнча райондук звено түшүп калган үч баскычтуу система бар.  Ошондой эле эки баскычтуу система бар. Ал Бишкек жана Ош шаарларында, бул жерде мэрия республикалык министрликтер менен түздөн-түз иштейт.

Төрт баскычтын негизги көйгөйү чечимдер өтө жай жетет. Конкреттүү мисал келтирейин, өкмөт токтом кабыл алып, аткарууга 6 ай убакыт берет. Документ облуска барат, облустан — районго, райондон — айылдык аймакка. Аткаруучу аны жетинчи айда, мөөнөтү бүтүп калганда алат. Отчёт бере турган эч нерсе жок. Бул жалгыз учур эмес, системалык көйгөй.

— Ал эми каражат жагы кандай? Ал жерде да төрт баскыч барбы?

— Ооба, бюджет дагы ошол эле тепкичтерден өтөт.

Финансы министрлиги акчаны бюджет аркылуу облуска бөлөт. Облус өзүнө айлык жана кошумча төлөмдөрдү эсептейт. Калганын районго берет. Район дагы ошону кылат — өзүнө эсептейт, калганын төмөнкү деңгээлге, мугалимдер менен дарыгерлерге берет. Бирок кээде алардын кошумча төлөмдөрүнө акча калбай калат. Бул«көмүскө келишимдерди» жаратат: «Сен мага мынча котор, мен сага бир козу берем». Же: «Мага акчаны азыр бер, мен кийин кайтарам». Коррупциялык курам бюджетти долбоорлоо этабында эле пайдубалына түптөлөт.

— Ал эми Казакстандачы?

— Казакстан аймагынын чоңдугу боюнча дүйнөдө тогузунчу орунда турат. Аларда калктын жыштыгы башка, логистикасы башка. Казакстанда ишке ашпай калган нерселер дал ушул масштабдардын айырмасынан улам болушу мүмкүн. Бирок биз көбүнчө сырткы гана аракеттерди көрөбүз: «40 район түзүштү, тигиндей кызматтарды киргизишти» деген сыяктуу. Ал эми түпкү максат, кандай көйгөйдү чечүүнү каалагандары көмүскөдө калып калат. Максатты түшүнмөйүнчө, ар кандай баа берүү үстүртөн гана болот.

— Филиппиндер болсо административдик түзүмүн такыр эле америкалыктардан көчүрүп алышкан.

— Филиппиндер ийгиликсиз көчүрүүнүн классикалык мисалы. Алар АКШнын Конституциясын алышты, Вашингтондогу Капитолийдегидей так эле окшош парламент түзүштү. Бирок алар экинчи Америка болуп калган жок, АКШдан озуп да кетишкен жок. Алар Кыргызстан сыяктуу эле өнүгүп келе жаткан өлкө бойдон калышты. Себеби, башкаруу системасы көчүрүлбөй, өз тарыхынан, маданиятынан, өз менталитетинен өсүп чыгышы керек.

— Демек, Кыргызстан өз жолу менен кетиши керекпи?

— Абсолюттуу түрдө туура. Бири-бирине окшош эки мамлекет болбойт. Биз башкалардын тажрыйбасын үйрөнө алабыз жана үйрөнүшүбүз керек, бирок чечимдерди өзүбүздүн реалдуулуктан келип чыгып кабыл алышыбыз зарыл. Ал эми биздин реалдуулук мындай: төрт баскычтуу система өзүн-өзү актабай бүттү. Эки баскычтуу системага өтүү — бул кимдир бирөөнүн эле каалоосу эмес, объективдүү зарылчылык.

8-бөлүк. Жыйынтык: Көпчүлүккө жакшы, чиновниктерге жаман болот

— Алыскы айылдын катардагы жашоочусу үчүн эмне өзгөрөт?

— Биринчиден, ал айлыгын облустук жана райондук деңгээлдеги ортомчуларсыз өз убагында жана толук көлөмдө ала баштайт. Экинчиден, анын мектеби жана фельдшердик пункту көмүр, дары-дармек, окуу китептери менен тезирээк камсыздалат — анткени акча түз барат. Үчүнчүдөн, анын арыздарынын жана даттанууларынын аткарылуу мөөнөтү кыскарат. Себеби, кагаздын төрт инстанциядан өтүшүн күтүүнүн кереги жок болот.

— Ал эми чиновниктер үчүнчү?

— «Жылуу орундарга» көнүп калган чиновниктер үчүн жаман болот. Кимдир бирөө жумушунан айрылат, кимдир бирөө расмий эмес киреше булактарынан ажырайт. Бирок реформа чиновниктер үчүн жасалган жок. Ал калк үчүн жасалып жатат.

— Президент бул тууралуу Ноокат районунда айтты. Сиздин оюңузча, ал туура нерселерди айттыбы?

— Ооба, туура деп эсептейм. Башкаруунун эки баскычтуу системасы — бул Кыргызстандын масштабы, калкынын саны жана бюджетинин көлөмү үчүн эң оптималдуу вариант. Бул тууралуу 30 жылдан бери айтылып келип, эми ганаишке ашырууга киришкени — бул топтолуп калган көйгөйлөрдүн критикалык массасынын жыйынтыгы. Мындан ары артка жылдырууга болбойт.

Scroll to Top