Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады
Кореяда иштеп келген кыргызстандыктар пенсиялык топтоолорун алышууда — орточо эсеп менен 3 789 доллардан
24.04.2026 | 16:17
Түштүк Кореяда расмий иштеген Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин пенсиялык топтоолорун бир жолку төлөм катары кайтарып ала алышат.
Кеп алардын айлык акысынан пенсиялык төгүм катары кармалып келген каражаттар жөнүндө болууда.
Бүгүнкү күнгө карата бул төлөмдү алуу үчүн Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматына 144 кыргызстандык кайрылган. Алардын ичинен 107 адам тиешелүү каражаттарын колуна алса, дагы 37 жаран чечимдин чыгышын күтүүдө.
Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 789 долларды түздү.