Токтогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

27.04.2026 | 10:37

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычында рейд өткөрүп, анын жыйынтыгында эки күндө суудан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматында, синтетикалык торлор экосистемага зыян келтирет, балык запастарын жок кылат жана канаттуулар үчүн коркунуч жаратат.

Мындан тышкары рейдде инспекторлор балыкчылар жана эс алуучулар менен жаратылышты булгабоо жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

“Мындай рейддер биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана суу ресурстарын коргоо боюнча мамлекеттик контролдун алкагында өлкөнүн суу объекттеринде өткөрүлүп турат”,- деп билдирди мекеме.

Scroll to Top