Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди

27.04.2026 | 16:36

Кыргызстанда май майрамдарында медициналык мекемелер нөөмөттөр менен иштеп, кечиктирилгис жардамдарды күнү-түнү көрсөтүүнү улантат.

2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин Кыргызстандын саламаттык сактоо уюмдары бекитилген тартипте, жооптуу кызматкерлердин нөөмөтүн уюштуруу менен иштешет.

Медициналык мекемелерде кечиктирилгис жардамдар күнү-түнү көрсөтүлөт. Тез арада дарыланууга муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн орундардын (койкалардын) резерви түзүлүп, керектүү дары-дармектердин, медициналык буюмдардын жана кан компоненттеринин запасы камсыз кылынат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ), жалпы дарыгерлик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1-майдан 10-майга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөттөр уюштурулат. Процедуралык кабинеттер саат 14:00гө чейин иштейт.

Бишкек, Ош шаарларындагы жана өлкөнүн аймактарындагы тез жардам кызматы дем алышсыз, күнү-түнү иштөөсүн улантат.

Ошондой эле майрам жана дем алыш күндөрү санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иштеши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү камсыз кылынат.

Scroll to Top