Кыргызстандын президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алды

28.04.2026 | 12:51

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан ШКУнун азыркы төрагасы катары коргоо чөйрөсүндөгү практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны чыңдоого өзгөчө маани берет.

Садыр Жапаров коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген келишимдер ШКУ мейкиндигинде коргонуу тармагындагы кызматташтыкты жана жалпы коопсуздукту андан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Scroll to Top